“Ынтымак ТВ” командасы “Билерман time-ашта” 2-орунду алды

Кечээ, 20-январда, Ош шаарында өткөн “Билерман time-аш” оюнунда “Ынтымак” телерадиокомпаниясынан барган команда экинчи орунду алышты. Аталган оюн “Билерман ордо” интеллектуалдык клубу тарабынан ай сайын өткөрүлүп келет.

Оюнга жалпысынан 12 команда катышты. Алардын көпчүлүгү шаардагы мыкты делген мектептин мугалимдери. Катышуучулар 3 турдан өтүшүп, 1-2-турларда жалпы команда ойноду. Ал эми 3-турда капитандар таймашты.

Капитандар таймашында берилген он суроонун сегизине туура жооп берип, кабарчыбыз Сыймык Марат уулу “Мыкты капитан” номинациясын алды.

Эске салсак, биздин команда буга чейин дагы ЭлТР телеканалындагы “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунда ойноп, мыкты көрсөткүч көрсөтө алган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген