“Ынтымак” телеканалы 1-орунду багынтты

«Ынтымак» телеканалы ушул жылдагы сурамжылоонун натыйжасында биринчиликти алды.  Мындай жыйынтык  “M-Vector” консалтинг компаниясы жүргүзгөн медиа-рынок боюнча иликтөөдөн кийин белгилүү болгон.

Аталган агенттиктин сурамжылоосунун негизинде республикадагы 30 каналдын ичинен Ынтымак каналы 12- орунду ээлесе, Ынтымак радиосу 20 станциянын ичинен 14-көрсөткүчтү багынткан. Телекомпания түптөлгөндөн бери эле алдыңкы көрсөткүчтөн түшпөй келет. 2015-жылдагы “M-Vectorдун” сурамжылоосунун жыйынтыгында ” алдыңкы ондуктун катарына кирсе, былтыркы жылы жергиликтүү телеканалдардын арасында 5-орунду ээлеген.

Президенттик шайлоону бейтарап чагылдыруу боюнча “Өнүгүү Медиа Борбору” коомдук фонду он бир күн бою 70 гезит, 11 телеканал жана 9 сайттагы үгүт иштерин карап, иликтөө жургүзгөн. Жыйынтыгында шайлоодогу материалдарды так жана туура сактагандыгы үчүн“Ынтымак Media Group”мыкты деп табылган.

2012-жылы 29-октябрда Ынтымак радиосу түптөлүп, бир жылдан кийин Ынтымак телеканалы өз ишин баштаган. Учурда аталган канал түштүк аймагын көрсөтүүлөрү менен камсыздап, мындан сырткары yntymak.kg интернет сайты да иштеп келет. Бир эле учурда телеканал, радио жана сайты менен элге кызмат кылган Ынтымак КТРКсы быйыл 5 жылдык мааракесин белгиледи.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Айдай Беделбек кызы

Оператор-монтажер: Нурсултан Абдыкерим уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген