“Ынтымак-сармерден”. Ноокат менен Аравандын көргөзмөсүнөн сүрөттөр

Эки райондун тең көргөзмө-жарманкеси байыркы көчмө кыргыздардын жашоосун чагылдырат. Улуттук тамак-аштар боз үйдүн ичине коюлган. Араван району кыргыз-өзбек улуттарына таандык даамдарды жасап келди. Алсак, илгертен кыргыз эли конок тоскондо мал-жандык союп сыйлашкан. Анын ичинен кой этинен эле тамактардын бир канча түрүн даярдап келишет. Мындай даамдар бүгүн Аравандын ак дасторконунда жайнады.

Ошондой эле кыргыздын улуттук шаан шөкөттөрү, конок тосуулары айран-кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Ушундай сый тамактардын баардыгын Ноокат районунун тургундары жасап келген. Жалпы 98 даамдын түрү даярдалып, ар биринин өзүнчө жасалуу тарыхы бар.

Мындан сырткары кыргыздын буюм-тайымдары дагы көргөзмөгө алынып келинген.Улуттук баштыктардан тартып, кыздардын себине берилчү төшөнчөлөр түрдүүчө тигилип, оймолор менен кооздолгонун көрүүгө болот. Бара-бара улуттун улут экенин даңазалап турган буюмдарды жоготпой сактап калуу максатында, жасалгалоо дагы жаңыланууда.

Жарманкени Араван менен Ноокатта өндүрүлгөн продукциялар дагы толуктады.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген