“Ынтымак” медиамектеби

Таиржан Турсуналиев атындагы “Ынтымак” медиамектеби 2016-жылдын июль айында түзүлгөн. Алгач “Ынтымак” коомдук регионалдык телерадиокомпаниясынын базасында универсалдуу журналист даярдап чыгаруу максатында ачылган.

Медиамектепти негиздөө максаты –  активдүү жаштарды коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырууга, маалыматтарды мультимедиалык каражаттар менен интерактивдүү жана визуалдаштырып берүүнү үйрөтүү. Ошондой эле заман талабына ылайык, аларды универсалдуу редакцияларда иштөөсүнө жардам берүү болуп саналат.

Журналистикалык окутуунун алгачкы бөлүгү БУУнун Өнүктүрүү программасынын атайын долбоору аркылуу болду. Анда 23 студент гезит, теле, радио, интернет журналистика боюнча билим алышты. Аларга жергиликтүү жана эл аралык кесипкөй медиатренерлер сабак өтүштү. Окутууга катышкандардын дээрлик жарымы жумуш менен камсыз болушкан.

Ал эми окутуунун экинчи этабында 15 катышуучу атайын сынактан тандалып алынып, алар дагы кесипкөй журналисттерден билим алышты. Алардын арасынан да жарымына жакыны жумуш менен камсыз болушкан.

Медиамектепте бир эле журналистиканы эле эмес, оператор-монтажерлукту да окуп-үйрөнүшөт. Журналистиканын заманбап жанры катары – интернет сервистерди колдонуп, визуалдаштырылган мультимедиалык материалдарды аудиторияга сунуштоого көбүрөөк басым жасалат.

Буйруса, мындан ары “Ынтымак” медиамектеби журналистикадагы кадрдык таңкыстыкты жоюу аракетин көрүп, жаш журналисттерди кесипкөйлүүлүккө үйрөтүп иштей берет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz