Ынтымак media group “Сармерден” телесынагын өткөрөт

 Сынак Ош облусундагы райондор арасында уюштурулмакчы. Мында улуттук каада-салттар, унутта калып жаткан үрп-адаттар чагылдырылат. Теле долбоор жыл аягына чейин жүрүп, ай сайын экиден район беттешип турат. Финалдык жарыш декабрга мерчемделип, баш байгеге автоунаа коюлган.

Учурда Чоң-Алай районунун таланттуу мырза-айымдары “Ынтымак” телеканалы уюштурган “Сармерден” телесынагына даярдык көрүшүүдө. Буга чейин райондогу “Сармердендерге” катышып келишсе, эми облустук денгээлде өнөрлөрүн тартуулашат.

Биринчилерден болуп сынак Чоң-Алай менен Кара-Суу районунун арасында өткөрүлөт. Ошондо “Сармерден” облустагы жалпы 7 район арасында  ай сайын уюштурулуп турат.  Телесынакта дастан айтуу, ыр кесе, акыйнек, айтыш сыяктуу программаларкаралган.  “Ынтымак” теле каналы бул сынак аркылуу кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын дүйнөгө таанытуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоого салым кошууну максат кылган.

Башка бул сыяктуу иш-чаралардан өзгөчөлүгү мында көргөзмө-жарманке дагы кошо уюштурулмай болду. Ага райондордогу ишканалардын жасаган эмгектери, кол өнөрчүлүк, өнөр-жай багытындагы продукциялар коюлат. Муну менен сынакта элдин таланты эле эмес, региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен таанышууга да мүмкүнчүлук жаралат. Сынакты өткөрүп берүүгө өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кол кабыш кылууда.

“Сармерден” телесынагы декабрь айына чейин Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өткөрүлөт. Мындай чоң масштаптагы, өзгөчө форматтагы иш чаранын алгачкысына 17-мартта келип күбө болуп кете алышат. Ынтымак media group муну менен тим болбостон кийинкисин облустар арасында уюштурууну көздөөдө.Негизги максат региондорду өнүктүрүү жылына карата салым кошуу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген