“Ынтымак” кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

Бүгүн өлкөбүз эгемендүүлүк алганына туура 30 жыл толду. 1991 -жылдын 31 -августунда Кыргыз Республикасы суверендүү мамлекет болгон. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алды.

Биз ушул отуз жылдын ичинде оор жана түйшүктүү жолду басып өттүк. Кыргызстан өз алдынча жашоону үйрөндү, мурдагы советтик республикалар жана чет өлкөлөр менен байланыш түзүүнүн жаңы ыкмасы, реформаларды жүргүзүү, өз жолун табууга аракет кылды.

Эгемендүүлүк күнү – Кыргызстандын башкы мамлекеттик майрамы, улуттук биримдиктин жана ынтымактын майрамы.

Биз Кыргызстанга жана анын бардык жарандарына бакубатчылык каалайбыз, бул үчүн ынтымак, жоопкерчилик, күч, акылмандык жана эмгекчилдик керек.

“Ынтымак” окурмандарды жана бардык кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктайт. Сиздердин үй -бүлөңүзгө жана жакындарыңызга бакыт, ден соолук жана кайрат каалайбыз! Асаманыбыз ачык болуп, туубуз бийиктерде желбирей берсин!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.