“Ынтымак” КТРКсынын башкы директору Азия өлкөлөрүнүн Медиа лидерлеринин саммитине катышып келди

Жыл сайын Кытайда Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өтүүчү Медиа лидерлеринин саммитине Кыргызстандан “Ынтымак” КТРКсынын башкы директору Толкун Эрмекбаев катышып келди.

Саммитке 140тан ашык медиа өкүлдөрү катышып, Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы медиа кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Форумдун жүрүшүндө Толкун Эрмекбаев сөз сүйлөп, ал үчүн бүткүл Азия мамлекеттеринин медиа жетекчилери менен жолугушуу чоң сыймык экенин айтты.

“Бул конференция бири- бири менен тыгыз байланышкан Азия өлкөлөрүн дагы да жакындатып, биргеликте иш алып барышына жол ачат деп ишенем”,- деди “Ынтымактын” башкы директору.  

 

Жолугушуунун негизги максаты- бүтүндөй Азия аймагынын медиа тармагын бириктирип, тыгыз иштешүү жана таасирин күчөтүү болуп саналат.

Уюштуруучулардын айтымында башка жылдардан айырмаланып, бул жылы бардык Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген