“Ынтымак” КРТРКсынын кызматкери автокырсыктан каза болду

“Ынтымак” КРТРКнын коммерциялык бөлүмүнүн кызматкери, кесиптик кошундун төрайымы жана кассир  Замира Таштанбекова 1-июнь күнү  автокырсыктын кесепетинен каза болду. Анын артында 5 баласы калды.

Ал  адамгерчиликтүү, боорукер, шайыр жан эле. Кесиптештеринин арасында кадыр баркы жогору, өз ишин мыкты билген кызматкер эле.

Замира Таштанбекова 1987-жылдын 27-октябрында Ош шаарынын Озгур айылында туулган. Эки бир туугандын улуусу болчу.

Каргашалуу кырсык кесиптешибизди арабыздан алып кетти.

“Ынтымактын” жалпы жамааты анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген