“Ынтымак” КРТРКсы балдарга майрамдык маанай тартуулады

Бүгүн, 31-майда, “Ынтымак” КРТРКсы 1-июнь – эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата балдарга майрамдык маанай тартуулады.

Аталган иш-чара “Алтын балалык” телеберүүсүнүн алкагында, Ош шаарындагы “Токтогул” сейил багында өттү.

Майрамдык иш-чара саат 11:00дө башталып, таланттуу балдар тарабынан концерт жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.

Жалпысынан кечеге 200дөн ашуун бала катышты.

Мультфильмдердин каармандарын чагылдырган аниматорлор тобу, бөбөктөргө кызыктуу программа тартуу кылышты.

Ошондой эле, уюштуруучулар тарабынан балдарга түстүү шарлар, таттуу суусундуктар жана балмуздактар таратылды.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.