“Ынтымак” КРТРКнын байкоочу кеңеши түзүлдү

“Ынтымак” КРТРКнын жаңыдан түзүлгөн байкоочу кеңешинин жыйыны өтүп, кеңештин төрагасы шайланды. Байкоочу кеңештин башына Ош гуманитардык педогогикалык инстутунун ректору Бекмурза Зулуев дайындалды. 

Байкоочу кеңештин толук курамы:

Ош гуманитардык-педагогикалык институнун профессору Бекмурза Зулуев.

КРнын “Internews” өкүлчүлүгүнүн өндүрүш жана контент боюнча адиси Элима Жапарова.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын директору Набиджан Мамаджанов.

КРнын Жалал-Абад облустук жана шаардык адвокатурасынын мүчөсү Чынгыз Мирзабеков.

“Салам” радиосунун аткаруучу директору Улукбүбү Амирова.

Белгилей кетсек, байкоочу кеңеш премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин 2018-жылдын 30-августунда чыгарган №555 Буйругуна ылайык түзүлгөн. Алгачкы байкоочу кеңеш 2012-жылы телеканал түптөлгөндө шайланган болчу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген