Биздин сайт жаңы форматка өттү

Ынтымак Media Group маалымат таратууда дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Компаниянын yntymak.kg  сайты жаңыланган форматта иштей баштады. Басылманын сырткы көрүнүшү гана эмес, ички мазмуну да өзгөртүлүп, мультимедиалык платформаларда иштөөнү күчөттү.

“Сайтыбыз буга чейин телеканалдын күзгүсү катары кызмат кылып, өз алдынча маалымат таратууга да аракет кылып келген. Бүгүндөн тарта интернет айдыңында толук кандуу маалымат булагына айланууга аракет кылып жатабыз. Сырткы формасы гана эмес, маани-маңызын да өзгөтүүгө кириштик”,-  сайттнын редактору Мырзайым Жаныбек кызы.

Сайт ачылгандан бери эле маалыматтарды кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарыялап келген. Бирок басым көбүнчө кыргыз тилиндеги материалдарга жасалчу. Компания орус тилдүү маалыматтарга талап күч экенин, ошондой эле өзбек тилдүү контентке сунуштар көп түшкөнүн эске алуу менен эми үч тилде бирдей маалымат таратууга киришти.

“Жаңы рубрикалар, видеоматериалдар кошулду. Алардын ичинде “Жашоо икаясын” алалы, анда катардагы адамдар бизге жашоо сүртүмдөрүн айтып берет. Ошону менен бирге эле мигранттар тууралуу да долбоорлорубуз бар. Чет жактагы окурмандар да эске алынган”, – деди  yntymak.kg  сайтынын өзбек тилиндеги баракчасынын редактору Даврон Насибханов.

Биздин сайттын башка маалымат булактарынан өзгөчөлүгү –мультимедиалык платформалары жана үч тилде маалымат таратып жатканында гана эмес.  Басылма ыкчамдык, сенсациялардын артынан түшпөй, такталган, олуттуу жана бейтарап маалымат жеткирүү жолун тандап алды.

“Буга чейин yntymak.kg  сайтын “Ынтымак” ТВнын программаларын онлайн режиминде жеткирүү үчүн гана ачканбыз. Акырындык менен сайттын өзүнүн базасы түптөлдү. Эми өзүнчө, толук кандуу маалымат булагы кылалы деп, жаңыча форматка өткөрдүк. Биздин сайттын башкалардан айырмасы – убакыт үчүн иштебейбиз. Болгон окуяны 5 мүнөт же 10 мүнөт ичинде чала кылып бере калуу эмес, толук, бейтарап, көлөмдүү маалымат берүүгө кызыктарбыз”, – дейт  Ынтымак Media Group`тун башкы директору Данияр Садиев.

Yntymak.kg социалдык тармактар аркылуу да маалымат жеткирүүнү жандантты. Эми колдонуучулар Фейсбук, Одноклассники, Твиттер жана Инстаграмдагы баракчалар аркылуу эле кыска, так маалымат ала алышат.

“Соцтармак колдонуучуларынын убактысы аябай аз. Ошондуктан аларга ыңгайлуу кылып, кыска видеолорду, жаңылыктарды жарыялап турабыз”, деди yntymak.kg  сайтынын редактору Мырзайым Жаныбек кызы.

Биздин сайт 2012-жылдын аягында ишке кирген. Кыргызстандагы интернет басылмалардын арасынан биринчилерден болуп мультимедиалык сервистер аркылуу маалымат жеткирүүну колго алып, Борбор Азияга да таанылган.  Сайтта жарыяланган макалалар улуттук сынактарда байгелүү орундарга жетишип, редакция өзүн кесипкөй, бейтарап жана өнүгүүгө умтулган жамаат катары таанытып келет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz