“Ынтымак” аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн шарттарын жакшыртууда

“Ынтымак” КРТРКсы  Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлчүлүктөрүн  жаңы автоуналар менен камсыздады. Эми  “Ынтымактын”   эки облустагы  кызматкерлеринин иши жеңилдеди. Анткени алыскы аймактардагы элдердин үнүн жеткирүүдө  көйгөй жаралбайт.

Эми транспорттордун жардамы менен орчундуу окуялар катталса ыкчам чагылдырууга шарт бар. Унаалар компаниянын  өздүк каражатынан сатылып алынды. Коомдук статустагы, түштүктөгү жалгыз телекомпания  Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иш алып барат. Ынтымактын негизги максаты эл менен бийлик ортосуна көпүрө болуу менен, коомдогу окуяларды ыкчам, бейтарап чагылдыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек,  “Ынтымак” КРТРК сы 2011-жылы  29-ноябрда  өкмөттүн №742 токтомунун негизинде улуттар аралык достуктук, ынтымакты чыңдо максатында түзүлгөн.  Берүүлөр кыргыз, орус, өзбек тилдеринде эфирге чыгат.  

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген