Ымыркайдын ыйлаганын туураган куш!

Сидней зоопаркында Эхо аттуу лирос кушу ымыркайдын ыйлаганын туураганды үйрөнүп, көпчүлүктү айрыкча жаш балдарды таң калтырды. Зоопарктын кызматкерлери бул чымчык коноктордун арасынан баланын ыйлаганын угуп, анын ыйын жаттап калган дешет.

Эхо ошондой эле өрт сигналдарын жана электр бургулоо үндөрүн туурай алат.

Маалымат үчүн: Лирос кушу же лира чымчыктары (латын тилинен. Menura) – таранчылар катарындагы канаттуулар. Австралиялык канаттуулардын үй -бүлөсүнө таандык жана жердеги канаттуулардын заманбап эки түрүн камтыйт. Бул канаттуулар ( орусча Лирохвост) айланадагы табигый жана жасалма үндөрдү тууроо жөндөмдүүлүгү менен айырмаланышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.