Ыманалы Саркулов: 86 адамдын өмүрүн сапатсыз жолдор алды

2019- жылы сапатсыз жолдордун айынан 403 жол кырсыгы катталып, 86 адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Ыманалы Саркулов бүгүн, 12- февралда парламенттин отурумунда билдирди.

“Кырсыктан кийин экспертиза унаанын мурдагы абалы кандай болгондугун тактап бере албайт”,- деп кошумчалады Ыманалы Саркулов.

Саркулов билдиргендей, кырсыктын 82%ы айдоочулардын  жолдогу эрежелерди сактабагандыгынан жүз берсе, 18%ы башка себептерден катталган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген