Ылай аралаш сел видеого тартылып калды

Бул видеону жакыныраак кылып көрсөң, акыр замандын элеси келе түшөт экен. Бул жер Тажикстандын Жерге-Тал району. Сөгөт айылы. “Жинди-Суу” деген суусу. Ылай аралаш сел жолду бууп калганы айтылууда. Видеодон угулгандай, сел келатканда, адамдын эле эмес, малдын да үрөйү учкандай, койлор маарап, уйлар мөөрөп ийиптир.

Бул видео журналист Жаңыл Жусупжандын фейсбуктагы баракчасынан алынды. Ушул учур тартылып калганын карасаң, Жол-Терек деген аймактын, Даван-Ашуусунан тартып калышыптыр. Сел 2017-жылдын 28-майында болгон экен.

Тажикстандын бийлиги эми жолду ачууга көп каражат сарптаары анык.

Тажикстандагы Жерге-Тал районундагы тургундар жер титирөө болгон учурларды да көп туртып калышкан. Кыскасы быйыл Кыргызстанда эле эмес, көпчүлүк аймакта жаратылыш кырсыктары көп катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген