Япония символу – сакуранын кооздугу

Сакура – Япониянын улуттук символу. Анын 350дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү селекциялык жол менен алынган. Мажүрүм талдай самсаалап өсүүчү түрү абдан кооз жана гүлдөрү күлгүн түстө. Кооз гүлдөгөнү менен, гүлү бат эле түшүп калат. Өзгөчө бул аялзатынын жаштыгы менен сулуулугуна карата салыштырылып келет.

Жазында Японияда сакура гүлдөөрдө атайын штаб түзүлүп, адамдарды ишке кабыл алат. Алар кайсыл жерде, кайсы датада гүлдөп баштаганы тууралуу маалыматты чогултуп, күн сайын теле, гезиттер аркылуу жарыялап турушат. Ал кабарлар боюнча аймактын тургундары ханами – гүлдөгөн сакура майрамын өткөрүүгө киришишет.

Сакуранын гүлүнө суктануу жөрөлгөсү 7-кылымда башталган. Ак сөөктөр анын гүлүнө суктана отуруп тамактанып, музыка угуп, көңүл ачуучу оюндарды ойноп эс алышкан. Ханами ошондон бери үзгүлтүксүз майрамдалып келет. Майрам анын гүлдөп бүткөнүнө чейин, тагыраагы, 7-10 күнгө эле созулат. Түнкү ханамини “ёдзакура”  деп аташат.

Майрам эң шаңдуу өтчү жер Токиодогу Синдзюкугёэн аттуу ири сейил багы. Анда 75 сорттогу 1500 сакура дарагы өсөт. Токиодо мындан башка 1100 сакура өстүрүлгөн гүлбак бар. Ал марттын аягы, апрелдин башында гүл ачат.

Сакуранын жалбырактары гүлдөгөндөн кийин гана чыгат. Мөмөсү “сакурамбо” деп аталып, диаметри 8-10 миллиметрге жетет. Бирок анын кээ бир гана сорттору мөмөлөйт. Алардын айрымдарынын мөмөлөрү даамдуураак болсо, көбүнүкү кычкыл жана даамсыз болгондуктан желбейт. Сакура мөмөсүнөн шарап да даярдашат. Элдик медицинада анын гүлүн жана мөмөсүн дарылык катары да пайдаланышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.