Якутиядагы кыргызстандыктар жумуштарына дагы эле чыгыша элек

Якутиядагы мекендештерибиздин билдиришинче, абал жөнгө салынгыча жумушка чыкпай турушат. Ал эми бүгүн, 20-мартта, интернет айдынында 21-жаштагы кыргыз жараны якутияда өлтүрүлдү деген провакациялык маалымат тарады. Ал окуя 2017-жылдын Август айында болгон жана азыркы Якутиядагы кырдаалга тиешеси жок.

Буга чейин жергиликтүү жарандар Кыргызстандан барган мигранттарга тиш кайраганына, 36 жаштагы жергиликтүү жашоочу Оксана Варламованын арызы себеп болгон. Анын айтымында 17-март күнү Кыргызстандык 3 мигрант жигит Оксана айымды зордуктаган. Бул ишке тиешеси бар делип, 23 жаштагы кыргыз жараны болгон. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кабарлаган.

Бул тууралуу Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева төмөнкүлөрдү билдирген:

“Мен аял катары, бул окуяны оор кабыл алдым. Биз чыдап келдик, эми чыдамыбыз кетти. Баарыбыз чогулуп тартипти орнотушубуз керек. Биз, өзүбүздүн жерибиздебиз, өзүбүздүн шаарыбыздабыз. Биз буларга ким кожоюн экенин көрсөтүшүбүз керек!”,-деди ал.

Якутия калкынын мигранттарга каршы акциясы митинг менен чектелбеди. Алар көчөдө көргөн кыргыстандыктарды сабап, ал жерде иштеген кыргызстандыктардын ишканаларын жаптырып салган видеолор интернетке тарады.

Кийинчээрек мындай жоруктарды жасаган якутиялыктарды жергиликтүү милиция кызматкери кармап, аларга чара көрүп жатканын билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.