XX кылымдын “киши өлтүргүчү” Мэнсон көз жумду

20-ноябрда  Калифорния штатынын абагында жыйырманчы кылымдын  адам өлтүргүчү, канкор делген Чарльз Мэнсон каза болду. Менсон биринчи жолу 12 жашында курал-жарак уурдап абакка алынган. 

“Мени жаш кезимден бери полиция кызматкерлери, түрмө жана андагы зектер тарбиялашты. Менин ордум эркиндикте эмес, анткени абакта жашаган мага жагат,”- деген ал өмүр бою эркиндикке ажыратылар алдында.

Кызыгы, андан мурда соттолуп, жазасын өтөгөн соң боштондукка чыгаарда Менсон өзүн абактан чыгарбоону суранып, түрмөын жалгыз үйү экендигин айткан. Эркиндике чыккандан кийин кыздардан куралган “ Семья” деген аталыштагы секта түзүп, 1969-жылы эки эле күндүн ичинде 9 адамды өлтүрүшкөн. Курман болгондордун арасында белгилүү режиссер Роман Поланскинин  кош бойлуу аялы Шерон Тейт дагы болгон.

Ошондон кийин Чарльз Менсон адам өлтүрүүнү уюштурган деп табылып, “Семья” сектасындагы төрт кыз менен бирге өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгарылган. Ал өкүм кийинчерээк өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

Мэнсондун дагы бир “кызматташы” 1975-жылы АКШнын президенти Джеральд Фордду өлтүрүүгө аракет жасаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок сот аны 2009-жылы боштондукка чыгарган.

Мэнсондун туруктуу үй-бүлөсү болгон эмес. Абактан чыккан маалдарында эки жолу турмуш курганга жетишип, ар бир никесинен бирден баласы болгон. Менсон бешке чыкканда апасы уурулук үчүн камалып кеткен. Ушул окуядан кийин атасы андан баш тарткан.

Америкалык режиссер Квентин Тарантино Чарльз Мэнсон жана анын шериктери тууралуу кино тартууну 2018-жылга пландап жатканы айтылууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген