WhatsApp мессенжери убактылуу толук кандуу иштебей калды

Кечээ, 19-январда, WhatsApp мессенжери толук кандуу иштебей, колдонуучулар арасында даттануулар көп болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, саат 15:00дөн тарта бир нече саат бою колдонуучулар бири-бирине сүрөт, видео, аудиожазуу жөнөтө алышкан эмес. Бир гана жазуу системасы иштеген. Аталган көйгөйлөр Орусия, Европа, Азия, Латын Америка, Африка өлкөлөрүндө жаралгандыгы маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин дагы WhatsApp сервисинде мүчүлүштүктөр болуп, хакерлер тарабынан колдонуучулардын маалыматтарын алып, уурдаганга мүмкүнчүлүк түзүүчү коркунуч жаралган.

WhatsApp мессенжери  2020-жылдын 1-февралынан тарта операциялык системалары эскирген смартфондордо ишин токтотоорун маалымдаган.

Эми WhatsApp мессенжери эски телефондордо иштебейт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген