Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, жаңы рекорд койду

Кыргызстандык суучул, сууда сүзүү боюнча спорт чебери Владислав Шулико 181 км узундуктагы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, жаңы рекорд койду.

Владислав эч кандай жардамсыз, бүгүн эртең менен акыркы чакырымдарды (16 км) сүзүп, Балыкчы шаарына жетти. Жээкте аны куттуктоо үчүн күйөрмандары, туугандары жана достору тосуп алышты. Ушул күндөрдүн ичинде бүтүндөй өлкө социалдык тармактар ​​аркылуу анын сүзүүсүн чыңалып көрдү жана ал үчүн абдан тынчсызданып жатты.

Президентинин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев рекордсменди куттуктап, спортто дагы чоң бийиктиктерди багындырышын каалады.

Бул марафондун башкы демөөрчүсү болгон бир ата мекендик курулуш компаниясы спортчуну рекорд менен куттуктап, ага бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Эске салсак, кыргызстандык өз багытын 22 -августтун таңында Каракол пристанынан, Балыкчыны карай баштаган. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери 180 чакырымды 5 күнгө жакын убакытта сүзүп өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.