Вирусту жуктуруп алган өспүрүмдөрдүн учурдагы абалы айтылды

Коронавирусту жуктуруп алган өспүрүмдөрдүн абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акматова вирус жашы 60тан жогору болгон адамдарга жугуп, ошолорду көбүрөөк жабырката тургандыгын белгилеп өттү.

“Коронавирус жаңы вирус болгондуктан, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары вирусту изилдеп жатышат”,-деди Акматова.

Акыркы маалыматтарга таянганда, өлкөдө вирусту жуктурган 44 учур катталды, алардын алтоосу оор абалда реанимацияда жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген