Вируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок пневмонияга чалдыккандардын саны көбөйдү

Жарандардын арасында коронавируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок пневмониясы бар бейтаптар көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал өткөн айга караганда учурда пневмония диагнозу коюлган жарандардын саны өсүп кеткендигин айтты.

Маалыматта белгилүү болгондой,  2019-жылы пневмония менен жабыркагандардын жалпы саны 12 миң 115 болсо, 2020-жылдын башында эле дээрлик 9 миң адамга аталган диагноз коюлду. Көрсөткүч жыл аягына чейин дагы да өсүшү мүмкүн.

“Пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн Улуттук фтизиатрия борборунда -38, Темир жол ооруканасында – 30 жана Улуттук госпиталдын базасында кошумча 120 койко-орундуу бир бөлүм ачылган”,- деп билдирди министр.

Жогорку Кеңеш: Эки аппарат кызматкеринен коронавирус табылды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген