Вируска каршы эмдөө: Сурап-билүү телефондору ишке кирди

Коронавируска каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондору ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Чалуу борбору күн сайын эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт.

0312 32-31-27,

0312 54-65-21,

0500 30 32 23,

0500 30 33 43 номерлери аркылуу жарандар зарыл болгон маалыматтарды ала алышат.

Учурда өлкөдө кытайлык жана орусиялык вакцина менен эмдөө жүрүп жатат.

Калкты вакцинациялоо март айынын 26сында башталып, бүгүнкү күнгө чейин 23 миңден ашык жаран эмдөөдөн өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.