Вирус жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат

Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, – деди министр.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

Эске салсак, өлкө боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлердин саны 19га жетти.

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 19га жетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген