Вирус жуктурган медкызматкерлердин саны 273кө жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын ичинен:
• Бишкек ш. – 2
• Нарын ш. – 1
Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 22-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды.
Стационарда – 387, алардын ичинен реанимацияда – 4.
Ооруканадан чыгарылды – 949.
Каза тапты – 14.

Бүгүн коронавирус 37 кишиден чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген