Вирус жуктурган 14 адам кайсы аймактан экендиги айтылды

Бүгүн, 3-апрелде COVID-19 вирусу бар экени аныкталган 14 жаӊы учур төмөндөгү аймактарда катталган:

  • Жалал-Абад облусунда – 5
  • Жалал-Абад ш. – 2
  • Чүй облусунда – 1
  • Бишкек ш. – 6.

Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 4 – сырттан келген, 10 – оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган.

Республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат.

Алардын ичинен:

  • Бишкек ш. – 403
  • Чүй облусу – 173
  • Ош ш. – 56
  • Ош облусу – 263
  • Жалал-Абад облусу – 189
  • Баткен облусу – 584
  • Нарын облусу – 108
  • Талас облусу – 24
  • Ысык-Көл облусу – 100.

Ноокат районунда бир жаран каза болуп, бүгүн жерге берилди. Жаназасына 6 адам гана катышты.

Өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125 адам.
Оор абалда (реанимацияда) – 4 адам.
Орточо оор абалда – 121 адам.
5 адам айыкты.

Ноокатта коронавирус жуктурган жаран каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген