Вирус күн санап өсүүдө. Обсервациялык жайлардын абалы кандай?

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Манас» Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты. 

«Коронавирустун учурлары көбөйгөндүктөн, бардык медициналык мекемелердин саны да көбөйтүлүп жатат. Мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы даяр корпустарга COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот. Мында аларды дарылоого бардык шарттар каралган», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка эсептелген. Мындан тышкары ушундай эле көлөмдөгү дагы 5 корпус бар.

«Биз азыр аталган 5 корпусту пайдалануу мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Мындан тышкары ар бир бөлмөсүндө шарты бар башка корпустар да бар, бирок анда ремонт талап кылынат. Буга катар премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, массалык түрдө оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралууда. Белгилей кетсем, учурда чатырчалар шаарчасына муктаждык жок. Бирок биз ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү керек», – деп билдирди Алмазбек Баатырбеков. 

Биринчи вице-премьер-министр карантиндик аймакты тейлеген кызматкерлер тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти жана аларды антисептикалык, дезинфекциялоочу жана жеке коргонуу каражаттары менен тийиштүү көлөмдө камсыздоону тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген