VII чакырылыштагы депутаттарды шайлоо күнү 6-ноябрга чейин белгилүү болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 6-ноябрга чейин белгилейт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Парламенттин VII чакырылышындагы депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир айга жетпеген убакытта белгилүү болоорун маалымдаган эле.

4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Ага катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген