ВИЧ илдетине кабылган балдардын келечеги кандай болот?

2007-жылы Ноокат районунда балдарга массалык түрдө ВИЧ илдети тараган. Ошол кездеги ымыркайлар эми жашоонун чоң жолуна багыт алышат. Өзгөчө статустагы бул балдар 18 жашка толсо, кантип коомго аралышып жашап кетишет?

Мамлекет жөлөк пул берүүнү токтотсо, алардын андан аркы чыгашалары кайдан каржыланат? Ата-энелер балдарынын келечектеги тагдырын ойлоп санаа тартышууда.

Каарманыбыз (белгилүү себеп менен аты сыр сакталат) Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну. 2007-жылы райондук ооруканада балдарга массалык ВИЧ илдети жуккан учурду кайгырып эстейт. Ошол окуяда кызы дагы жугуштуу ооруга чалдыккан.

“2008-жылы июль айында текшерүү болуп калды. Анда кызым бир жашка чыгып калган, ошондо гана илдет жукканын билдик. Абалы аябай начар болчу, каза болот деп калганбыз. Анан дарылаттык, азыр абалы жакшы, оор жумуш жасатпайм”.

Экинчи каарманыбыздын перзентине да ВИЧ илдети жуккан. Ошол кездеги 5 жаштагы кызы азыр 16га толду. Ар алты ай сайын медициналык кароодон өтүп, ден соолугу көзөмөлдөнүп турат.

Массалык ВИЧти жуктуруп алган балдар ай сайын мамлекеттен 3000-4000 сомго чейин жөлөк пул алышат. Дары-дармектери да акысыз, үзгүлтүксүз берилет. Ак халатчандар айрыкча коронавирус илдети тарай баштагандан бери көзөмөлдү күчөткөн.

Жугуштуу оору менен күрөшүп жашап келе жаткан балдар азыр 15-16 жашта. Эми алардын өз алдынча жашоого максат-тилектери бар. Окуу жайда билим алып, өздөрү кызыккан кесип ээлери болууну кыялданышат.

Бирок балдар 18 жашка толгондо мамлекет жөлөк пул берүүнү токтотот. Ата-энелер уул-кызынын тагдырын эске алып, өмүр бою акча чегерилип берилсе дешүүдө. Төрт миң сом өлчөмүндөгү каражат чыгашалардын бардыгын жаппаса да, тамак-ашка жарайт.

“Ата-энени айрыкча эрезеге жеткен балдарынын эртеңки жашоосу ойлонтот. Өзүнчө бүлөө күтүп, турмушун улантып кетүү үчүн колдоо керек. Мамлекет бир миллион сомдун айланасындагы компенсация жана турак-жай менен камсыз кылса”, – дейт ата-энелердин бири.

ВИЧ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

1-берене, 3-статьянын 1-бөлүгү:

  • “Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-СПИД жугузган балдардын ата-энелерине акчалай компенсацияны төлөө”

11-статьянын 1-бөлүгү:

  • “18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ-СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес”.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча ВИЧ-СПИД илдетине кабылгандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ушул жылдын 1-майына чейин 10 миң 59 адам катталган. Чүй облусу, Бишкек шаары жана Ош облусунда илдетке кабылгандардын саны басымдуу.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.