Ветеринардык көзөмөл тутумун жакшыртууга 130 млн сом бөлүндү

Жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана жабдуу, учурда иштеп жаткандарын талапка ылайык келтирүү, ошондой эле эпизоотикага каршы чараларды ишке ашырууга быйылкы жылы 130 млн сом бөлүнгөн. Мындай маалымат санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл чаралары маселеси боюнча кеңешмеде айтылды.

Жыйынга Өкмөт башчы катышып, жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылгандыктан, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу маселеси маанилүү жана актуалдуу экенин эскертти.

«Бул мал азыктарынын сапатын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында камсыздоо, аларды Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн зарыл. Бардык эпизоотикага каршы иш-чараларды жана алдын алуу чараларын жүргүзүүгө тең салмактуу жана сапаттуу мамиле жасалышы керек. Өкмөт санариптештирүүнү көңүл чордонуна коюп жаткандыктан, электрондук ветеринарияны киргизүү күч-аракеттерин активдештирүү зарыл. Бул ички рыноктун талаптарына жооп берет жана экспорттук потенциалды бекемдөө кызыкчылыктарында кызмат өтөйт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал кошумчалагандай, мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселесинин  аймактарда айылдыктардын жашоосу үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ветеринардык көзөмөл тутумунун натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү зарыл.

Жалпысынан өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар, алардын экөө Бишкек менен Ошто болуп,  улуттук макамга ээ.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген