Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду расмий түрдө ачылды

Бишкекте венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ошентип, стратегиялык кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын тышкы иштер министрлери штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылганын жана фонддун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин этап-этабы менен толуктоону расмий түрдө жарыялашты.

Белгиленгендей, өнүктүрүү фондунун алкагында айыл чарбасы, туризм жана экономиканын башка тармактары боюнча Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.