Венесуэла: төрөттөн каза болгондордун саны өстү

Венесуэлада төрөттөн каза болгон энелер менен наристелердин саны кескин өстү. Мындай маалымат саламаттыкты сактоо минситрлиги жарыялаган мониторингде көрсөтүлгөн. Анда төрөттөн каза болгон аялдардын саны 65, ал эми наристелердин саны 30 пайызга өскөнү жазылган.

Ошондой эле, өлкөдө малярия жана дифтерия менен ооругандар да көбөйгөнү айтылып жатат. Оппозиция өкүлдөрү, булардын баары экономикалык каатчылыкты жөнгө сала албай жаткан президенттин күнөөсү деп айтып чыгышты. Алар кризиске байланыштуу керектүү дары-дармектердин жок болуп жатканын баса белгилешти.

Бирок өлкө башчы Николас Мадуро мындай айыптоолорду четке кагып, өлкө аймагына алып келинип жаткан дары-дармектер кандайдын бир тараптардын кийлигишүүсү менен, белгиленген жайларга жетпей жатканын ачыктады. Ал бул кадамдарды мамлекеттик төңкөрүш аракети деп сыпаттады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.