Валерий Кичин “Торпедо” клубу менен келишим түздү

Улуттук курама командабыздын капитаны Валерий Кичин Москванын “Торпедо” футболдук клубунун курамына кошулду. Бул тууралуу футболчу өзүнүн “Инстаграмм” баракчасына жазып чыкты.

Анда 27 жаштагы коргоочу “Торпедо” клубу менен ушул сезон аягына чейин келишим түзгөнүн белгиледи.

“Ушундай атактуу клубдун курамына кошулганыма кубанычтамым, мындан ары мыкты ойноп, клубду күчтөндүргөнү аракеттенем”, – деп жазган.

Азыр  “Торпедо” клубу Орусия улуттук лигасында 20 команданын арасында 2-орунда бара жатат. Алар болгону 1-орунда турган “Ротор” клубунан 1 упай артта.

Эске салсак, Кичин Орусия чемпионатында 2013-жылдан 2019-жылга чейин топ сүрүп, “Волга”, “Химик”, “Уфа”, “Анжи”, “Тюмень” жана Красноярскийдин “Енисей” клубдарында  ойногон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген