Валерий Кичин Москванын “Торпедо” клубунда машыгууда

Улуттук курама командабыздын капитаны Валерий Кичин Москванын “Торпедо” футболдук клубунда машыгып жатат. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат катчысы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы коргоочу кечээ, 13-февралда “Торпедо” курамына келип кошулуп, клуб менен бирге машыгууларын өткөрүп жатат.

Азыр  “Торпедо” клубу Орусия улуттук лигасында 20 команданын арасында 2-орунда бара жатат. Алар болгону 1-орунда турган “Ротор” клубунан 1 упай артта.

Эске салсак, 12-февралда Беларусиянын “Динамо” клубунун жеткекчиси Кичин менен болгон келишимин токтотконун жарыялап, аны Кичин өзү суранганын айткан болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген