Валерий Кичин “Динамо” клубунан кетти

Беларусиянын “Динамо” футболдук клубу Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин менен болгон келишимин токтотту. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат катчысы билдирди. 

Мындай чечимди Валерий Кичин менен клуб жетекчилери биргеликте кабыл алган. Азырынча 27 жаштагы коргоочу кайсыл клубка өтөөрү маалым эмес.

Эске салсак, ал Минсктин “Динамо” клубуна өткөн жылдын июнь айында “Енисей” клубунан өтүп, жалпы Беларусия чемпионатында 12 оюнга катышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген