Валентина Шевченко Ошко келди. Видео

Бүгүн, Кыргызстандык мушкер UFC жылдызы Валентина Шевченко  Ошко келди. Анын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  күйөрмандары тосуп алышты. 

Бүгүн спортчу айымдын Оштогу күйөрмандары менен жолугушуусу борбордук аянтта кечки саат 18:00дө болот.Бардык каалочулар катыша алат.

Буга чейин мекендешибиз Кыргызстанга 8 жыл мурун  2011-жылы келген.

Валентина Шевченко UFC боюнча дүйнөлүк чемпион. Ал 9-июнь күнү чемпиондук курун коргоо үчүн Америкалык Жессика Ай менен беттешет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген