Валентина Шевченко кандай себеп менен мелдештен четтетилди?

UFC уюму буга чейин UFC 247 турнирине катышкан бардык мушкерлерди убактылуу мушташтан четтеткен. Алардын арасында чемпион Валентина Шевченко да бар.

UFC уюму бул чечим боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Валентина Шевченко социалдык тармактарда бул чечим боюнча эч кандай билдирүү бере элек.

UFC’нин ар бир турниринен кийин бардык мушкерлер медициналык жүйөө менен четтетүү алышат. Бул турнирге катышкан ар бир мушкерди беттештен кийин дарыгерлер карап, канча бир убакытка турнирлерге катышпай туруусун айтышат.

Эске салсак, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири болуп өткөн. Бул турнирде кыздар арасындагы негизги беттеште Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин Валентина Шевченко UFCден жарым жылга убактылуу мелдештен четтетилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген