Валентина Шевченко 9-апрелде Ошко келет

Кыргызстандык мушкер UFC жылдызы Валентина Шевченко 9-апрелде Ошко келип, күйөрмандары менен жолугат.  Бул туурасында “Ынтымакка” Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитиетинин маалымат катчысы Жылдыз Аятиллаева билдирди. 

Анын айтымында, спортчу айымдын  Оштогу күйөрмандары менен жолугушуусу борбордук аянтта кечки саат 18:00дө болот.

Буга чейин мекендешибиз Кыргызстанга 8 жыл мурун  2011-жылы келген.

Валентина Шевченко UFC боюнча дүйнөлүк чемпион. Ал 9-июнь күнү чемпиондук курун коргоо үчүн Америкалык Жессика Ай менен беттешет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген