Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун активдүү жаштары менен жолукту

Өлкөнүн ар тараптан өнүгүп өсүүсүндө жаштардын орду чоң. Андыктан аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, туура багыт берүү учурдун талабы. Бул максатта  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ош облусунун жана шаарынын активдүү жаштары менен жолугушту.  

Максаты- аймактардагы жаштардын көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу болуп саналат.

Жаштар негизинен  билим берүү, спорт, туризм  жана миграция  сыяктуу маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Мындан сырткары коомдогу коррупциялык терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча да маселе козголуп, сунуштар айтылды.

“ Келечек ээлери катары коомдогу  коррупция көйгөйү сиздерди түйшөлтүп жаткандыгы мени кубандырат. Анткени бүгүн кайсыл бир көйгөйгө кайдыгер карасак, келечекте анын запкысы тийиши мүмкүн”- деди Узарбек Жылкыбаев.

Мындан сырткары ал, жаштар менен диалогко барууга ар дайым кызыкдар экенин баса белгиледи.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген