Ош: Өзгөндө чоң энесин бычактаган жаран эки айга камакка алынды

Өзгөндө чоң энесин бычактаган 22 жаштагы жаран Өзгөн райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү Өзгөн райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, 2019-жылдын 12-декабрында Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну өз ара пикир келишпестиктен чон энеси ашканадагы бычак менен көкүрөк бөлүгүнө сайып денесине жараат келтирип, белгисиз тарапка иизин жашырып качып кеткен. Натыйжада денесинен алган жараат боюнча Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Шарҳ қолдириш

Сизнинг E-mail манзилингиз эълон қилинмайди! Керакли бўлимлар юлдузча билан белгиланган