Ал жак тозоктой. Сирияга барып келгендердин чыныгы окуялары

АЛ ЖАК ТОЗОКТОЙ
СИРИЯДА СОГУШУП КЕЛГЕНДЕРДИН ЧЫНЫГЫ ОКУЯЛАРЫ
Адамдарды Сирияга эмне жетелейт? Аларды бөтөн жерде кандай тагдыр күтөт? Бул согушта эмне үчүн күрөшүп жатышат? "Мейкин Азия онлайн" ушул жана башка суроолорго Сирияга барып келгендер жана согуш талаасында жүргөндөрдүн жакындары менен чогуу жооп издөөгө аракет кылды.
Эксперттер "Ислам мамлекети" (тыюу салынган террордук уюм) Борбор Азия үчүн олуттуу коркунуч жаратат деп эсептешет. Тагыраагы, согушчандардын катарында бул аймактагы өлкөлөрдүн жарандары көп. Алар үйүнө кайтып, эсктремисттик көз карашты жайылтып, террористтерди азгырышы мүмкүн же эң коркунучтуусу – "Ислам мамлекетинин" жетекчилиги аларды өз жеринде террордук актыларды жасоого пайдаланышы мүмкүн.
Мен балдарды, эже-карындаштарды жана жалпы эле мусулман бир туугандарды коргогум келген. Бирок Сирияга барып, ал жакта ислам үчүн эмес, анык бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн согуш жүрүп жатканын түшүндүм.
Рустом
Сирияда жарым жыл жүргөн
Мектепти бүтөөрү менен Рустом Орусияга кетип, ал жактан өзбекстандыктар менен таанышат да, чогуу мечитке катташат. "Мага мусулман бир туугандарды, балдарды, аялдарды өлтүрүп жаткан видеолорду көрсөтүштү. Аларга аябай боорум ооруду", -деп эстейт жигит.
Рустомго "сен көп күнөө кылыпсың, каапырлар менен күрөшө баштасаң, Аллах кечирип, өзүңдү гана эмес, ата-эне, туугандарыңды бейишке киргизет" дешкен.
Эки аптага созулган ынандыруудан кийин 17 жаштагы Рустом диндештерин коргоо үчүн Сирияга жөнөп кетет.

"Мен биздин лагерди көргөндө, ал жак бейиштей эле туюлду. Ал жакта дарактар ушунчалык көп, жашылчалар өсүп, чымчыктар сайрап турган. Жан дүйнөм да жай ала түштү",- дейт Рустом. Бир нече күндөн кийин жаңы келгендерге мылтык берип, атышты үйрөтө башташты. Бирок Рустом ок атууну өздөштүрө албаптыр. Андыктан анын колунан куралды алып, казанды карматышкан, анткени Сирияга чейин кыргызстандык жигит ашпозчу болуп иштеген.
Кийин тик учак алардын лагерине жакын жерге бомба таштады.
"Үйдүн баары солкулдады. Терезелер талкаланды. Тозокко түштүм деп ойлодум. Ошондон кийин кетүүнү чечтим. Бирок паспортумду алып коюшкан эле. Телефон менен сүйлөшүүгө да тыюу салынган, болбосо жазалашат. Кантип экенин так билбейм, бирок жазасы катаал дешчү, - дейт Рустом. Качууга тажикстандык бирөө жардам берди. Мен Түркия чек арасынан түндө өттүм. Дароо полицияга бардым. Мени абакка камап салышты. Ал жактан үйгө чалып, мага билет алып бергиле дедим".
Рустом Сирияда ушундай кыйналгандыктан, Түркияда камап салышканына сүйүнүптүр.
"Ошко чейин учакка отурганымда төбөм көккө жетти. Кыргызстанда абакка отургузушабы-жокпу мага баары бир эле.Башкысы, үйгө учуп баратканым болду" , -дейт Рустом.

.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Сириядан келгендердин көпчүлүгү алардын ишенимине кирбегенин айтышат. Милиция айрым кыргызстандыктар Сириядан көңүл калганы үчүн кайтып жаткан жок дейт.
Кара-Суу районунун тургуну Анвар Сирияда 15 күн эле жүргөнүн айтат. Согуш ислам жана мусулмандар үчүн болбой жатканын түшүнүүгө ушул кыска убакыт жеткенин белгилейт ал.
Азыр Анвар 28 жашта. Беш жыл мурун ал төрт жердеши менен чогуу Оштон Түркияга, андан ары Сирияга кеткен. Азгырык схемасы адаттагыдай эле болгон.
Ал эч ким акча сунуштабаганын, идея үчүн кеткенин, ага курал-жарак беришпегенин, ок ата албастыгын айтып, милицияны ишендирүүгө аракет кылып жатат. Билетти өзү сатып алган, Сириядан Түркия жаранынын жардамы менен чыккан.

Сирияда бизге жоокерлер жана кулдардай мамиле кылышчу, а мусулмандарда мындай болбойт. Мен мунун баарын тезирээк унуткум келет жана ал жакка кайра баруу тууралуу ойлогон да жокмун.
Анвар
Сирияда 15 күн болгон

Сирияга кеткен 500 кыргызстандыктын 30у каза болду, 40ка жакыны мекенине кайтып келди. Калгандарын бул жактагы туугандары чыдамсыздык жана чоң үмүт менен күтүүдө.
Зайнабидин 2014-жылдын февралында кеткен. Ал кезде жигит 22 жашта эле. "Ал Сирияга кеткенин апрелде уктум, - дейт атасы Абуджон Бахрамов. – Үч айдан кийин мен УКМКга арыз жаздым. Уулубузду Сириядан кайтарып бергиле деп жалындым. Бирок жооп жок. Биз аны үмүт менен күтүп отурабыз. Мен катуу ооруга кабылдым. Аялым болсо баламдан улам төшөктө жатып калды. Мен жихадга ишенбейм. Мусулмандар эч качан адам өлтүрбөшү керек. Ата-энесин сыйлагандар - мусулмандар. Ошондо гана ал бейишке барат. Зайнабидинди Кыргызстанда камап салышса да мейли, ал тирүү жана Мекенинде жүрсө болду".

27 жаштагы Гулнора Базарбаеванын алгач агасы Сирияга кеткен. "Ал Түркияга куран үйрөнгөнү кеткен, бир нече жылдан кийин Сирияга бара жатканын телефондо айтты. Атам аны Кыргызстанга кайт деди, бирок агам макул болгон жок".
Бир нече айдан кийин Гулноранын ата-энеси Орусияга акча табуу үчүн чыгып кетишкен. Алар менен чогуу эжеси 9 жашар баласы менен кеткен эле.
"Бир жылдай мурун менин үй-бүлөмдүн баары Сирияга кеткенин кабарлашты, атам шахид болуптур. Агам согушта каза болгону үчүн атама жол тандабас белек кылышыптыр".
Келин үй-бүлөсүн аябай күтүп жатканын белгиледи.
"Алар келишет деген ойдомун. Алар согушуу үчүн эмес, уулун куткарганы кетишкен да. Атам Сирияга барууну ойлогон деле эмес, бирок негедир кетип калыптыр".


Гулчехра Абдурахманова ар бир таңда үйдөн чыгып, уулун күтүп жол карайт.
"Абдурахмонбек 9-кластты бүтүрүп, Түркиядагы эжесиникине кетип, иштеп баштаган. Ал заманбап жашачу. Динге такыр кызыкчу эмес. Дайыма шайыр, боорукер, шамдагай жүрчү, - дейт апасы. –Кийин жакшы иш убадалаган бирөөлөр менен таанышып калыптыр. Аны алдап, анан күч менен Сирияга алып кетишкендир. Согушта жүргөнүн кызыма "Одноклассникиден" жазыптыр. Бул эки жыл мурун болгон. Ошондон бери байланышпады. Уулумду чыдамсыздык менен күтөм. Ал жакшы эле, эч качан талашып-тартышпаган. Биздин үй-бүлөдө эч ким намаз окубайт, окуган эмес. Мен аны аябай күтөм, камап салышса да, ошоносуна сүйүнөм.


Бирок кыргызстандыктардын баары эле Сириядагы мекендештерин чыдамчыздык менен күтүп жатышкан жок. Көпчүлүк аларды өмүр бою түрмөгө камап же такыр эле өлкөгө киргизбеш керек деп эсептешет.
Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, мыйзам боюнча Сирияга кеткендерди жарандыктан ажыратууга болбойт.
"Сирияга кеткен кыргызстандыктандардын 70 пайызы азгыруучуларга алданышкан. Алар - карапайым адамдар, жихад маалында мусулмандарга жардам көрсөтүү үчүн чоң акча төлөнөт деген убадага жетеленгендер. Алар каапыр делгендер өлтүрүп жаткан мусулмандарга жардам берүүнү каалашкан, - деп түшүндүрдү Аширбаев. – Сириядан келгендерди кадимки жашоого кайтаруу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ал эми Сирияга идея үчүн кеткендер менен өзүнчө жана катуурак иш алып баруу зарыл. Алардын көрсөтмөлөрү тыкыр анализденет. Келгендердин дээрлик баары жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүн белгилеп кетейин. Бирок алар эркиндикке чыккандан кийин да адистер байкоону улантууда".
Аширбаев кошумчалагандай, алдын алуу иштерин күчөтүү абзел. "Дин негиздери тууралуу бала бакчадан тарта окутуу керек, балдар ислам жана башка диндер жөнүндө билиши шарт. Ишенимдин арты менен алдоого аракет болуп жатканын кийин түшүнө алгыдай болот. Эгер адам чыныгы дин менен тааныш болсо, колуна эч качан курал албайт", - деди ал.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz