Уссурийск агрардык академиясы кыргызстандык абитуриенттер үчүн 20 орун бөлдү

Орусиянын Уссурийск шаарындагы Приморск мамлекеттик айыл чарба академиясында Кыргызстандан келген 20 талапкер үчүн бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Анын айтымында, Орусиянын аймагында жашаган кыргызстандыктар академияга күндүзгү билим алуу үчүн да кире алышат (эгер миграция карточкасында “Окуу” кирүү максаты көрсөтүлгөн болсо).

Абитуриенттер төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынат:

  • агроинженердик;
  • агрономия;
  • агрохимия жана агро топурак таануу илими;
  • ветеринардык-санитардык экспертиза;
  • зоотехника;
  • токой чарбасы;
  • айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы.

Чет элдик уюмда билим алгандыгы жөнүндө сертификат алган абитуриенттер академияга ички кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча кире алышат. Документтер алыстан, электрондук түрдө, “Абитуриент” бөлүмү аркылуу берилет.

Кирүү тесттери 2021-жылдын 29-июлуна чейин болот. Окууга кабыл алуу – 17-августка чейин.

Резидент эместерге жатакана берилет (керебеттин баасы айына 800 рублдан), биринчи курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.