Унааны каттоодон өткөрүүдө аны сүрөткө тартуу милдеттүү болуп калды

“Унаа” мамлекеттик мекемеси үстүбүздөгү жылдын август айында унааларды планшетке сүрөткө тартып текшере баштады. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, демилге коррупциялык көрүнүштөрдү, ошондой эле текшерүү жол -жобосу жок унааны каттоо учурларын жоюуга багытталган. Мындай шартта унаанын текшерүүгө келгени же келбегини так аныкталат.

Машинаны сүрөткө тартып жатканда, фотосүрөттөр менен кошо, электрондук базага тартылган жердин координаттары киргизилет.

Жаңы стандарттарга ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана текшерүү протоколунан тышкары, кузов (шасси / рамка) номерлери, унаанын жайгашкан жеринин координаттары (гео маалыматтары) жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.