Унаалардын баасы арзандайт

Унаалардын баасы арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу ММКларга бажы кызматынын өкүлү Адилет Бердибеков билдирди.

Бердибеков белгилегендей, буга чейин заводдон 10 жыл мурун чыгып, кыймылдаткычынын көлөмү 2 миң куб сантиметр унаага бажы төлөмү 8 миң 200 доллар болгон. Ал эми жаңы төлөм менен 1000 доллар болоору күтүлүүдө.

“Кыргызстан ЕАЭБке киргенден бери өлкөгө унаа алып кирүү бир топ кыйынчылыктар менен коштолуп келген. Анткени бажы төлөмү жогору эле. Мурдагы төлөм менен азыркы төлөмдүн айырмасы чоң”,- деди Адилет Бердибеков.

10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө сырттан киргизилген унааларга бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген