Унаага туура коюлган газ эч кандай коркунуч жаратпайт

Ош шаарында бензин ордуна газ колдонгондордун саны күн санап көбөйүп жатат. Себеби газ бензинге караганда арзан жана экологияга зыяндуулугу да төмөн. “Ынтымак” газдын пайдалуулугу жана коопсуздугу тууралуу маалымат алуу үчүн унааларга газ орноткон адистер менен байланышкан.

Буга чейин интернет булактарына газ коюлган унаалардын жарылып кеткен видеолору тараган. Алардын бири коңшу Өзбекстанда болгон деген маалыматтар бар. Мындан улам машинесине газ койдургандан чоочулап жүргөн айдоочулар арбын.

“Өзбекстанда колдонулган газ метан, анын атмосфералык басымы 200-300. А бизде пропан, суюк газ, атмосфералык басымы 12 болуп, жарылуу коркунучу өтө төмөн”,- деди газ орнотуучу уста.

Кыргызстанда унаага орнотулуп жаткан газ жабдыктары биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи муун деген түрлөргө бөлүнөт. Алгач өлкөдө биринчи, экинчи муундагы газ жабдыктары гана орнотулчу. Учурда төртүнчү муундагы газ жабдыгы коюлуп жатат, ал эми бешинчи муундагысы келе элек. Ошондой эле өлкөдө солярка менен жүргөн унааларды газга өткөрүүчү жабдык азырынча жок.

“Газдын түтүктөрүнүн сапаттуу болушу зарыл. Газды орнотуудагы эрежелер так сакталса эле эч кандай коркунуч жаралбайт”,- дейт уста Абдувахид Мамарасулов.

Учурдагы газ баллон жабдыктарын койдурган унаалардын көпчүлүгү жолтантабастар. Буга чейин кыймылдаткыч күчү аз унааларга газ коюлса моторду күйгүзүпсалат деген маалыматтар чыккан.

“Моторду майлап туруучу атайын жабдык бар, ошол жабдык коюлушу керек. Эгер ал жабдык коюлбаса, анда мотор кургап калып, күйүп кетиши толук мүмкүн”,- деди Абдувахид Мамарасулов.

Унаанын панелине төрт чарчы электрондук тетик орнотулат. Бензин менен от алдырып, суу ысыган соң газга өтөт. Газдын бензинге караганда коопсуздугу жакшы каралган. Маселен, төртүнчү, бешинчи муундагы газ жабдыктарында бир аз эле бузулуу болсо, автоматтык түрдө газ берүү токтотулат дешет усталар.

“Мен алыс жолдо жүрүп иштейм. Барып келиш үчүн 18 миң км жолду басып өтүшүм керек болот. Ал үчүн мен бензинге 45-50 миң сомго бензин куям. Газды иштете баштагандан бери 25 миң сом чыгым болуп калды”, -дейт айдоочу Абдулла Сайназаров.

Унааларга газ жабдыктарын орнотуу 2015-жылдан тарта көбөйө баштаган. Учурда шаарда канча газ менен жүрүүчү унаа тууралүү так маалымат жок. Ал эми суюлтулган газ куйуучу жайлар ар бир май куйуучу жерлерде бар. Мындан улам газ менен жүргөн унаалардын саны арбып баратканын байкоого болот.

Сюжет: Чынарбек Алипбеков, Арген Калыбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген