Унаа салыгын төлөбөгөндөргө рейд башталды

Ош шаардык салык кызматы унаа салыгын убагында төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 122 акт түзүлүп, 2000 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Салык кызматынын өкүлү билдирди.

Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

“Рейд шаардын борбордук көчөлөрүнүн башталып, өз убагында салык төлөбөгөн айдоочуларга жеринен акт түзүлдү. Ал эми сентябрь айынан тарта  шаар аймагы боюнча айдоочуларга жалпы  122 акт түзүлдү. Ош шаары боюнча 70миң авто унаа каттоодон өткөн. Учурда жалпы  32 миллиондон ашуун акча топтолуп, былтыркыга караганда 4 миллионго көп”,-деди Ош шаардык Салык кызматынын өкүлү Мирлан Алинбеков

Салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет. Андыктан Салык кызматы унаа ээлерин туум көбөйүп кетпеши үчүн азыр да болсо келип төлөөгө чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.