Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы жоюлат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Ал укук коргоо органдарын ишкерлерге каршы козголгон кылмыш иштери боюнча сынга алып, көптөгөн арыздардан улам экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлгандыгын эске салды.

«Мындай чечим бизнести коргоо максатында кабыл алынды. Ошондуктан, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жакында жоюлмакчы. Учурда тиешелүү жарлык даярдалууда », – деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы 2011-жылы түзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.