Улуттук банк “Кумтөр Голд Компанинин” алтындын биринчи партиясын сатып алды

Бир күн мурун Кумтөр кениндеги алтындын биринчи партиясы Кыргызстандын Улуттук банкына сатылган. Келишимдин баасы 29 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн 20-майда Тенгиз Бөлтүрүк маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, жакында бул каражат компаниянын эсебине келип түшүп, анын толук кандуу ыкчам ишин улантууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бүгүнкү күндө Кумтөрдүн бардык эсептери тоңдурулган жана республиканын чегинен тышкары жерлерде. Кыргызстандын жергиликтүү банктарында ачылган депозиттерде аз гана сумма топтолгон. Ал бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. Биз кенди иштетүү үчүн керектүү товарларды жана кызматтарды сатып алууга гана айына 21 миллион доллар сарптайбыз, дагы 4 миллион доллар эмгек акы төлөө үчүн, 11 миллион доллар салыктар үчүн”, – деп түшүндүрмө берди ал.

Буга байланыштуу, компаниянын тышкы жетекчилиги КГКнын жана Кумтөр кенинин ишин каржылоо булактарын табуу боюнча чараларды көрдү. Тактап айтканда, Улуттук банкка алтын сатуу боюнча келишим түзүлдү.

“Бул бизге 29 миллион доллар табууга мүмкүнчүлүк берди. Дагы 20 миллион доллар – бул КГКнын дивиденддери, биз аларды өндүрүшкө жөнөтөбүз. Биз Экономика жана Финансы министрлиги менен 25 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымдуу насыя берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бул акча кендин толук кандуу иштешин калыбына келтирүүгө жетиштүү болот ”, – деп баса белгилеп кетти Тенгиз Бөлтүрүк.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.