Улуттук банк эсептик ченди дагы бир пайызга жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди дагы бир пайызга жогорулатты. Андан маалым болгондой, тышкы чөйрөнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен банк эсептик ченди 6,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Кандайдыр бир тобокелдик жаралса Улуттук банк кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүдөн баш тартпайт.

Эсептик чендин жогорулашы банк кардарларына түздөн-түз таасирин тийгизет. Салымдар боюнча пайыз жогорулайт, ал эми насыя алгандар жогорку ставкаларга туш болот.

Эсептик чен – бул Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген насыянын пайыздык чени.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.