Улут аралык кастыкты козуткан деген видео Ошто тартылган эмес. Шектүү кармалды. Фактчек

Кыргызстанда улут аралык кастыкты козуткан деген тасма интернеттеги соцтармактарда тарап жатат. Ал видеодо бир топ адам 2 баланы ур тепкиге алганы көрүнүп турат. Окуя Ош шаарынын Он-Адыр аймагында өзбек тектүүлөр кыргыз балдарын ур-тепкиге алды деп айтылат.

Мындан улам, КРнын УКМКсы бул видео Ошто тартылган деп, улут аралык кастыкты козутууга себепчи болгондорду издеп жатканы кабарлады. Аны менен катар бул окуя Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда болгонун да билдирди.

“Ынтымак” ачык маалыматтардын жардамында бул видеону текшерди. Тасма чындап эле Кыргызстанда тартылбаганы, ал Өзбекстанда тартылганы далилденди.

Өзбекстандын “Замон” телеканалы 22-январда ушул окуя боюнча маалымат чыгарды. Аталган телеканал видеодогу окуя, өткөн жылы, тактап айтканда, 2018-жылдын 24-декабрда, Өзбекстандын Наманган облусунун Нарын районундагы Коргончо аймагында “Сары” ашканасында болгонун күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине шилтеме берүү менен жарыялады.

Бул окуя боюнча кошуна мамлекеттин атайын кызматы 5 адамды кармап, кылмыш ишин козгогонун билдирет. Өзбекстандын Наманган ОИИБнын ага тергөөчүсү Хайотбек Абдурахимовдун маалыматында, кармалгандар тергөө учурунда аталган мушташ спиттик ичимдиктерди ичүүдөн келип чыкканын айтышкан.

Х.Абдурахимов буларга кошумчалап, жабыркаган адамдар жеңил жарат алып, ооруканага түшпөгөнү, тергөөгө өздөрү да келип, көрсөтмө берип жатышканын билдирди.

Ал арада, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тасманы Кыргызстанда болгон окуя деп таратып, улуттар аралык кастыкты козутууга себепчи болгон жаран кармалганын жана ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Фото: upl.uz

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген